• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатент жаңылыктары

Мекенди коргоо күнү менен!

Жарыяланган күнү : 
20/02/2012

Урматтуу мырзалар!

Сиздерди келе жаткан 23-февраль – Мекенди коргоо күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз!

Байыртадан эле эр азаматтар аялдардын бекем таянычы, ишенимдүү жолдошу жана коргоочусу болуп келген.

Сиздер биздин аталарыбыз, бир туугандарыбыз, ошондой эле Мекенди коргоочусуңар.

Биздин жашообуздагы силердин ээлеген ордуңарды биз терең баалайбыз жана сиздерге чың ден-соолук, узун өмүр, түгөнбөс бакыт жана иштериңерге ийгиликтерди каалайбыз.

Сиздер болгон үчүн Мекенибизде, үй-бүлөдө жана жамаатта бакубатчылык бар!

Марат Назарбеков КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Жарыяланган күнү : 
01/02/2012

Бүгүн, 2012-жылдын 1-февралында КР Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Абдыгулов Толкунбек Сагынбаевич жаңы директорду тааныштырды.

Марат Назарбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул буйрукка премьер-министр Өмүрбек Бабанов кол койду.

Өкмөт башчысынын башка буйругу менен Ажибай Калмаматов Кыргызпатенттин жетекчилик кызматынан бошотулду.

ИМБДУнун академиясы сынак жарыялайт

Жарыяланган күнү : 
14/02/2012

ИМБДУнун академиясы курстарга катышууга сынак жарыялады. ИМБДУнун академиясынын бардык курстары англис тилинде жүргүзүлөт, ошондой эле талапкерлердин DL 101 “Интеллектуалдык менчиктин негиздери” сертификаты болушу керек. ИМБДУнун академиясынын курстарынан окуудан мурда өткөндөр сынакка катыша албайт. Катышууну каалоочулар толтурулган анкетаны жетекчилик менен макулдашылгандан кийин тышкы байланыштар бөлүмүнө жөнөтүүсүн суранабыз.

Кыргызпатенттин жетекчилигинин Грузиянын Казакстан жана Кыргыз Республикасындагы Элчиси менен жолугушуусу

Жарыяланган күнү : 
13/02/2012

2012-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы Марат Назарбеков менен Грузиянын Казакстан жана Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Паата Каландадзенин жолугушуусу болду.

Жолугушууга Грузиянын Казакстан жана Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин кеңешчиси Малкхаз Малашкия мырза жана Кыргызпатенттин жетекчисинин орун басары Айнура Орозбаева айым катышты.

Кыргызпатенттин кызматкерлери мамлекеттик тилди үйрөнүү боюнча сынакты ийгиликтүү тапшырышты

Жарыяланган күнү : 
08/02/2012

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди үйрөтүү курстары 2011-жылы Кыргызпатенттин төрагасынын орун басары А. Орозбаева жетектеген мамлекеттик тил комиссиясынын демилгеси менен иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жана мамлекеттик тилдин макамын чыңдоо максатында уюштурулган.

А. Калмаматов “Кыргызпатенттин отличниги” төш белгиси менен сыйланды

Жарыяланган күнү : 
06/02/2012

2012-жылдын 4-февралында Кыргызпатенттин кеңешме залында эмгек жамааты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматынын мурдагы жетекчиси А. Калмаматовду кызматтан узатышты.

Кыргызпатент токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыгат

Жарыяланган күнү : 
02/02/2012

[b][i]Интеллектуалдык менчик укуктарын, анын ичинде автордук жана чектеш укуктарды коргоо системасын жакшыртуу, контрафакттык продукцияларды сатуу деңгээлин азайтуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 593 токтому менен бекитилген 2012–2016-жылдары Кыргыз Республикасында Интеллектуалдык менчикти жана инновацияны өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын милдеттерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 31-пунктун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан “Кыргыз Республик

Кыргызпатенттин жетекчилиги америкалык делегация менен жолугушту

Жарыяланган күнү : 
01/02/2012

2012-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын жетекчилигинин АКШнын Соода министрлигинин Коммерциялык маселелер боюнча департаментинин делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү.

Адам өмүрүндө демейки жумуш күндөрү эс алууга айланган бир күн келет

Жарыяланган күнү : 
30/01/2012

2012-жылдын 28-январында Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын окуу залында Баклыкова Людмила Алексеевнаны ардактуу эс алууга узатуу иш-чарасы болуп өттү.