“Долбоорду башкаруу” боюнча тренинг аяктады
Кыргызпатент тарабынан уюштурулган “Долбоорду башкаруу” тренингинен Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын адистери кызматкерлерди, менеджментти натыйжалуу башкаруунун жана командада иштөөнүн жаңы идеяларын, билимдерин жана методикаларын алышты. 2011-жылдын 14-декабрында Интеллектуалдык менчикти жана инновацияны өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын натыйжалуу ишке ашыруу максатында ведомствонун кызматкерлери үчүн өткөрүлгөн корпоративдик тренинг аяктады.
Кыргызпатентте долбоорду башкаруу боюнча тренинг башталды
2011-жылдын 12-декабрында Кыргызпатентте 2012–2016-жж. Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын натыйжалуу ишке ашыруу максатында ведомствонун адистери үчүн ИМ боюнча ведомство тарабынан уюштурулган долбоорду башкаруу боюнча тренинг башталды. Документ Кыргызпатент тарабынан Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) колдоосу менен жаңы реалийлердин жана дүйнөлүк тенденциялардын негизинде эл аралык коомчулуктун алдыңкы тажрыйбасын эске алуу менен иштелип чыккан жана ИМдин улуттук системасын жакшыртуу, жаңы технологияларды өздөштүрүү жана интеллектуалдык ишмердүүлүктөрдүн башка натыйжаларын алга жылдыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу аркылуу өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн үстүндө иштөөгө арналган.
Кыргызпатент кызыкдар болгон тараптарды ИМди өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоорун талкуулоого чакырат
Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын адистери Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) колдоосу астында ИМди жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын иштеп чыгышты.
Стратегиянын долбоору жана бул документке тиешелүү бардык маалымат талкуулоо үчүн Кыргызпатенттин сайтына жайгаштырылды. Берилген долбоордун мазмуну менен таанышып жана өзүңөрдүн түшүндүрмөлөрүңөрдү, сунуштарыңарды жана эскертүүлөрүңөрдү төмөндөгү бөлүктө калтырсаңар болот:
“Проект Национальной стратегии”.
“Кабар” КУМАдагы пресс-конференцияда журналисттерге Кыргызстандагы Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоору жөнүндө айтып беришти
Бүгүн, 2010-жылдын 17-ноябрында “Кабар” маалымат агенттигинде 2015-жылга чейинки мезгилге КРда Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын даярдоо алкагындагы жумушчу сессиялардын жыйынтыктары боюнча пресс-конференция болду.
Пресс-конференцияга Кыргызпатенттин директору Зина Исабаева, ИМБДУнун (Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун) Европанын жана Азиянын кээ бир өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн директору Михал Свантнер жана ИМБДУнун көз карандысыз кеңешчиси Рон Марчант катышты.
Рон Марчант: "Жаңы идеялар качан адамдар бактылуу болгондо жаралат"
2010-жылдын 7-ноябрынан бери Кыргызпатентте ИМБДУнун (Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун) көз карандысыз эксперти Рон Марчанттын катышуусу менен Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоорун талкуулоонун алкагында жумушчу сессиялар өтүп жатат.
Тыныгуу учурунда биз Рон Марчанттан ушул жолугушуулар боюнча алган алгачкы таасирлери жана баяндамалары менен бөлүшүүсүн сурандык.
- Мистер Рон, Кыргызпатент тарабынан жасалган иштердин алгачкы натыйжаларын сиз кандайча баалайсыз?
Кыргызпатентте Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоорун талкуулоо боюнча эксперттик жолугушуулар өтүп жатат
2010-жылдын 7-ноябрында ИМБДУнун (Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун) көз карандысыз эксперти Рон Марчанттын катышуусу менен Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоорун талкуулоонун алкагында биринчи жумушчу сессиялар болду. Биринчи жумушчу жолугушууга Кыргызпатенттин статс-катчысы Бакыт Кененбаев, директордун кеңешчиси Динара Утурова, улуттук кеңешчи Азамат Дикамбаев катышты.
Концепция бар – демек стратегия дагы болот
Бүгүн, 2010-жылдын 19-мартында Кыргызпатенттин отурумдар залында, Стратегиялык өнүктүрүү бөлүмү тарабынан даярдалган, интеллектуалдык менчик (ИМ) боюнча келечектеги Улуттук стратегиянын концепциясынын долбоорунун бет ачары болду. Жолугушууга Кыргызпатенттин директорунун орун басары Данияр Сыдыков, статс-катчы Бакыт Кененбаев, директордун кеңешчиси Туруспек Коеналиев, бөлүмдөрдүн башчылары жана адистер катышты.
"Кабар" КУМА: М.Свантнер: Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча улуттук стратегия экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт
Бүгүн, Кыргызстандын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча улуттук стратегиясын иштеп чыгуу жөнүндө маселелерди талкуулоо менен, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Европанын жана Азиянын кээ бир өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн директору Михаил Свантнер, интеллектуалдык менчик жаатындагы Улуттук стратегия Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп билдирди.
Чыгармачыл союздар ИМ боюнча стратегияны иштеп чыгууга кошулууга даяр
Бүгүн, 2010-жылдын 4-мартында КРнын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын отурумдар залында, интеллектуалдык менчик жаатында улуттук стратегияны иштеп чыгуу маселеси боюнча маалыматтар жана сунуштар менен алмашуу максатында, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) жана Кыргызпатенттин делегациясынын кезектеги чыгармачыл союздардын өкүлдөрү менен жолугушуусу болду.
Иш-чарага жазуучулар, композиторлор, сүрөтчүлөр, кинематографисттер союздарынын, элдик чеберлердин, ошондой эле Айылды өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү катышты.
Акипресс: "Интеллектуалдык менчик боюнча улуттук стратегияны ийгиликтүү ишке ашыруу Кыргызстандын өзүнө көз каранды, – ИМБДУнун өкүлү”
Кыргызстанда интеллектуалдык менчиктин (ИМ) укук ээлеринин укуктарын коргоо жана ИМ жана инновациялар боюнча улуттук стратегияны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн өлкө өзүнүн күч аракеттерин жумшоого тийиш, деп айтты ИМдин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) өкүлү Михаил Свантнер.
















