• Кыргызча
  • Русский
Биздин логотип

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик интеллектуалдык мүлк кызматынын жаңы логотибинин маани-маңызы өзгөчө. Ал жалпы түрк элдеринин тээ алмустактан бүгүнкү күнгө дейре келип жеткен каада-салттарына, үрп-адаттарына, улуттук маданияттарына негизделген «көз мончоктун» элесин берет.

Көз мончокту жамандыктан, душмандыктан, суук көздөрдөн, сук артуудан жаш баланы, сулуу кызды, күлүк атты, ж.б. коргоо үчүн тагышкан. Көз мончок тагуу кыргыз элинде да кеңири тараган.

Жаңы логотип учурда интеллектуалдык мүлк жаратымдарын уурулуктан, каракчылыктан коргоп алуу түшүнүгүн берет. Айталы, анын сырткы шакекчеси интеллектуалдык жаратымды коргоп турган чепти туюндурса, ортосундагы шакекче менен ички көк тегерек каректин элесин берип, уурулук, каракчылык баары бир көрүнүп калаарын эскертет. Ошондой эле ал автордук укукту коргоонун символу болуу менен мекемебиздин дүйнө элдеринин ичиндеги чыныгы улуттук өзгөчөлүгүн көрсөтүп турат.