• Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатенттин аталышына “инновация” деген сөз кошулду
Жарыяланган күнү : 
20/01/2012

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы болуп кайра түзүлдү.

Кайра түзүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V “Кыргыз Республикасынын түзүмү жөнүндө” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүн бекитүүгө байланыштуу болду.