• English
  • Кыргызча
  • Русский
Бишкекте Автордук укукту жана чектеш укуктарды жамааттык башкаруу уюмун түзүү жөнүндө маселе талкууланууда
Жарыяланган күнү : 
26/11/2009

Бүгүн, 26-ноябрда «Интернет келишимдерди»: ИМБДУнун Автордук укуктар жана аткаруулар менен фонограммалар боюнча келишимди жүзөгө ашыруу боюнча Улуттук семинарда Автордук укукту жана чектеш укуктарды жамааттык башкаруу уюмун түзүү жөнүндө маселе талкууланат.

Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн Автордук укук боюнча альянсынын жетекчиси Михали Фишер өзүнүн бет ачарында ушундай уюмдарды түзүү боюнча Европа өлкөлөрүнүн жана АКШнын тажрыйбасы тууралуу, санариптик чөйрөдө автордук укук жана чектеш укуктарды колдонууда жана жүзөгө ашырууда жамааттык башкаруунун ролу жөнүндө айтып берди.

«Господин Фишер авторлордун венгер коомунун (ARTISJUS) түзүүчүсү болуп эсептелет жана узак мезгилдер боюн аны жетектеген жана өнүктүргөн. Автордук сый акыларды чогултуунун көлөмү боюнча карай турган болсок, бүгүнкү күндө «ARTISJUS» Чыгыш Европада эң чоң ийгиликке жетишип жаткан болуп саналат» – деп кабарлады ИМБДУнун Европанын жана Азиянын айрым бир өлкөлөрү үчүн бөлүмдүн программалык кызматкери Сауле Тлевлессова.
Ал жамааттык башкаруу боюнча коом салыктардын эсебинен мамлекетке чоң киреше алып келээрин түшүнгөндөр балким аз чыгаар деп кошумчалады. Мисалы, немис кому жылыга болжол менен 1 миллирд евро чогултат!

Сауле Тлевлессова Болгариянын тажрыйбасы жөнүндө айтып берди, анда жамааттык укуктарды башкаруу боюнча коомдордун мамлекеттик мекемелердин автордук укуктарды башкаруунун контролдугу астында болуусу үч жолу алмашкан, бул абдан татаал процесс экендигин, мындай коомдор улам барган сайын милдеттерин ийгиликтүү аткарып жаткандыгын дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп тургандыгын белгиледи.

Кыргызпатенттин директору Улан Мелисбек Кыргызстанда автордук укукту жана чектеш укуктарды башкаруу боюнча мындай уюмду түзүү зарылдыгы эбак эле бышып жетилгендигин белгиледи. Жамааттык башкаруу уюмдары автордук укук менен корголуучу чыгрмалардын авторлорунун жана пайдалануучуларынын ортосунда байланыштыруучу маанилүү звено болуп эсептелишет жана мындай учурда мамлекеттик ортомчулук милдеттүү түрдө эмес.

Бүгүн укук ээлеринин атынан дагы кызыкчылыктарда аракеттене турган мындай уюмду кандай жол менен бириктирүү жана түзүү керектиги жөнүндө маселе турат. Албетте, ал өз алдынча болуп жана өз кызыкчылыгын ийгиликтүү коргоого жарап кала турган мезгилге чейин Кыргызпатент бул уюмдун өнүгүшүнө жардам берет.

Сауле Тлевлессова мындай көз карашты жактады жана автордук укук биринчи кезекте чыгармалардын улуттук авторлоруна киреше алып келүүгө тийиш экендигин белгиледи. Ал “Besame mucho” (Мени катуураак өп) аттуу чыгарманы жазган аял-композитор Консуело Веласкесты мисалга келтирди: «Бир ыр жазып, ал автордук гонорарларга беймарал жашоо кечирип келди жана анын эсебинен бүтүндөй калган өмүрүн өткөрсө болот».

URL:
http://mir.patent.kg/ru/news/2009/11/26/1242.html
URL:
http://mir.patent.kg/news/2009/11/30/1253.html