• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатенттин жетекчилиги менен И.Арабаев атындагы университеттин проректору Эмил Каниметовдун жолугушуусу
Жарыяланган күнү : 
08/10/2009

2009-жылдын 8-октябрында Кыргызпатенттин жетекчилиги менен И.Арабаев атындагы университеттин проректору, Илим-изилдөө институтунун директору Эмиль Каниметовдун жолугушуусу болду.

Кыргызпатенттин жетекчилигин төраганын орун басары Туруспек Коеналиев, Автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгынын начальниги Аскар Нажимудинов, Кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Жаныке Казаков, ошондой эле Маалыматтык камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Мирбек Кожоевдер көрсөтүштү.

Жолугушуу автордук укуктарды каттоо маселелерине арналды. Проректор университеттин окумуштуулар жамаатынын илимий эмгктерин кантип каттоодон өткөрсө жана кантип аларга автордук күбөлүк алса боло тургандыгына кызыкты.

Андан тышкары Эмиль Каниметов университеттин иш кагаздарын жүгүртүүнүн электрондук формасына өтүү боюнча консультациялык жардам сурап кайрылды.

Жетекчилик бул маселелерде жардам көрсөтүүгө даяр экендтгин билдирди.

URL:
http://mir.patent.kg/news/2009/10/08/1094.html