-
Интеллектуалдык менчик кызматы тарабынан чыккан 5 китептин бетачары болду
Жарыяланган күнү :23/12/2011Баракелде - Кечээ, 22-декабрда Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы тарабынан чыгарылган 5 китептин бетачары болду. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.
Салтанаттуу иш-чара Мамлекеттик тарых музейинде өткөрүлүп, ага жазуучулар, акындар, обончулар, манасчылар, коомдук жана маданий ишмерлер катышты. Бетачарда «Кыргыз Республикасынын жазуучулары (2-том)», «Кыргыз Республикасынын обончулары», «Кыргыз элинин манасчылары» маалымдама китептери жана балдарга арналган «Кыргыз эл жомоктору», «Байчечекей балдарга» аттуу китептер коюлду.
» -
Кыргызпатент ведомствонун логотибин иштеп чыгууга кайрадан сынак жарыялайт
Жарыяланган күнү :20/12/201120 декабрь 2011, 12:25
Баракелде - КР Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент) ведомствонун жаңы логотибин (эн белгисин) иштеп чыгууга кайрадан сынак жарыялайт. Бул тууралуу Кыргызпатенттен билдиришти.
Сынакка бардык каалоочулар (сүрөтчүлөр, дизайнерлер, архитекторлор ж. б.), ошондой эле биринчи жолу катышкандар дагы катыша алат.
» -
САЛТТУУ БИЛИМДЕРДИ КОРГОЙЛУ ЖАНА КОЛДОНОЛУ
Жарыяланган күнү :18/11/2011Ажибай КАЛМАМАТОВ - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору
Салттуу билимдер, генетикалык ресурстар, укумдан-тукумга берилип келе жаткан маданияттын салттуу көрүнүштөрү (фольклор) ар коомдун интеллектуалдык мурасынын ажыратылгыс бөлүгү болуп келген.
» -
Калмаматов Ажибай Айтиевич, КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору: Ыр тууралуу талаш-тартыштар көп болот
Жарыяланган күнү :11/11/2011- Кыргызпатентке авторлор кандайча катталышат? Теледе, радиодо жаңырган ырлардын авторлору айрым учурларда туура эмес айтылып калган учурлар болот, ошондой талаш-тартыштар болобу?
» -
КТРК: Улуттук каада-салттар боюнча семинар башталды
Жарыяланган күнү :10/11/2011Бишкек, 10-ноябрь, 2011-жыл (КТРК). Унутта калып бара жаткан кыргыздын улуттук каада-салттарын өнүктүрүүнүн мезгили келип жетти. Маселен, улуттун улуулугун даңазалоо элдик оозеки чыгармаларда кенен чагылдырылган. Аны урпактарга жеткиликтүү билим аркылуу бере алсак, анда өз элин сыйлаган өлкө болуп, кыргыздар дүйнө элдерине тааныла алат.
» -
Баракелде: Кыргызпатенттин жааматы «Тилибиз – биздин дилибиз» аттуу кароо-сынак уюштурду
Жарыяланган күнү :03/11/201128 октябрь 2011, 16:21
Баракелде - Кыргызпатенттин жетекчилиги жана эмгек жамааты кыргыз тилин жана улуттук нарк-насилдерди жаштардын көкүрөгүнө сиңирүү максатында 2011-жылдын 21-октябрында Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасында «Тилибиз – биздин дилибиз» аттуу кароо-сынак уюштурушту.
»
