• English
  • Кыргызча
  • Русский

Кыргызпатент көчмө семинар уюштурду

Жарыяланган күнү : 
23/01/2012

2012-жылдын 20-январында И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматы тарабынан уюштурулган “Кыргыз Республикасындагы интеллектуалдык менчик” деген темада семинар болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы токтом долбоорун коомдук талкууга коет

Жарыяланган күнү : 
24/01/2012

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы “Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун жана “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун коомдук талкууга коет.

Сын пикирлерди жана сунуштарды , тел.681053 дарегине жөнөтсөңүздөр болот.

Кыргызпатенттин аталышына “инновация” деген сөз кошулду

Жарыяланган күнү : 
20/01/2012

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы болуп кайра түзүлдү.

Кайра түзүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V “Кыргыз Республикасынын түзүмү жөнүндө” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүн бекитүүгө байланыштуу болду.

Кыргызпатенттин жаңылыктары